Кайра шайлоо: талапкер Турсунбай Бакир уулуна эскертүү берилди

  • 11 месяцев мурун

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Бишкектин Ленин округунан депутаттыкка талапкер Турсунбай Бакир уулуна эскертүү берди. Бул тууралуу «Азаттык» 19-сентябрда БШКнын мүчөсү Акбалык Жумалиевага шилтеме берип жазды.

Маалыматка ылайык, БШКнын эскерүү берүүсүнө Бакир уулунун үгүт иштери баштала электе баннерлерди илип алганы себеп болгон.

Буга байланыштуу арыз 14-августта башка талапкер Лейла Саралаеванын өкүлүнөн түшкөн. Саралаева Бишкек шаарындагы эки жерге Бакир уулунун сүрөтү, бюллетендеги номуру жана “Мен кайтып келдим” деген урааны жазылган баннер илингенин жазып, сүрөтүн да Фейсбукка жарыялаган.

Саралаева талапкерлердин бюллетендеги номурлары али тактала элек экенин, ал “Бакир уулу 29-катарды кантип тандап алганына түшүнбөй жатканын” жазган.

Турсунбай Бакир уулу бул боюнча комментарий бере элек.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты