Кайра шайлоо: БШК Айжигит Тыналиев менен Жумабек Салымбековду жеңүүчү деп тапты
- 4 месяца мурун
Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) бир мандаттуу №36 Ысык-Көл жана №29 Свердлов шайлоо округунда мөөнөтүнөн мурда өткөн шайлоонун жыйынтыгын чыгарды.
Боршайком №36 Ысык-Көл шайлоо округу боюнча Айжигит Тыналиевди, №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Жумабек Салымбековду жеңүүчү деп тапты.
Тыналиев 3 498 добуш алган (16,04%), ал эми Салымбеков өз округунда 10 623 (64,68%) добушка ээ болгон.
30-июнда №5 Ноокат, №36 Ысык-Көл жана №29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңешке депутаттарды кайра шайлоо өткөн.
Сүрөт: БШК
Муну бөлүшүү