Кайра шайлоо: Бүгүн жымжырттык күнү

  • 2 года мурун

Бишкектин №27 Биринчи май жана №29 Свердлов шайлоо округдарындагы кайра шайлоого байланыштуу үгүт иштери бүгүн, 26-февралда саат 08:00до токтоду.

Мыйзамга ылайык, добуш берүүгө бир күн калганда үгүт иштерин жүргүзүүгө тыюу салынат.

Бишкектин №27 Биринчи май жана №29 Свердлов шайлоо округдарында 27-февралда кайра добуш берүү өтөт. БШК бир мандаттуу бул эки округдан жалпы 53 талапкерди каттаган. Биринчи май округунан 27, Свердлов округунан 26 талапкер бар.

2021-жылдын 28-ноябрында өткөн парламенттик шайлоодо бул эки округда баарына каршы добуштар көп болгондуктан, кайра шайлоо дайындалган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты