Кайра шайланган баягылар: Алар мурда “Хоп” деп добуш берип жүрүшкөндөр

Жаңы парламенттин курамындагы ар бир бешинчи депутат алтынчы чакырылышта депутат болгон. Биздин редакция кайра шайланган 20 депутаттан жаңы чакырылышта эмнени күтүүгө болорун билүү үчүн алардын берген добуштарын анализдеп көрдү.

Жыйырма депутаттын көбү дайыма “макул” деп добуш берет

Бир четинен мындай көрүнүшкө таң калбай деле койсок болот, анткени биз анализ үчүн үчүнчү окууда добуш берүүнүн жыйынтыгын алдык. Бул мыйзам долбоорун жактыруунун акыркы этабы. Бирок, ошол эле учурда, алтынчы чакырылыш ызы-чуу коштогон мыйзамдарды кабыл алуу менен белгилүү.

2020-жылдын июнунда депутаттар кабыл алган “Маалыматты манипуляциялоо” мыйзамы коомчулуктун жана медиа өкүлдөрүнүн терс реакциясын жараткан. Биздин тизмедеги жыйырма депутаттын он экиси “макул”, алтысы добуш берүүгө катышпаса, Жанар Акаев менен Дастан Бекешев гана “каршы” добуш беришкен.

Дагы бир чуулгандуу чечимге добуш берүүдө да ушундай абалды байкасак болот. Кыргыз Республикасынын “Суу кодексине” өзгөртүү киргизүүгө да Жанар Акаев менен Дастан Бекешев каршы добуш беришкен. Эскертсек, бул өзгөрүүлөр “Кумтөр” кенине “Лысый” жана “Давыдов” мөңгүлөрүндө иш жүргүзүүгө уруксат берген.

Ал эми Дастан Бекешев “каршы” добуш берүү боюнча жыйырманын сап башында турат:

“Катталбаган депутаттар”

Жетинчи чакырылышка келген 20 депутат бардык жыйындарга катышкан эмес. Мыйзам чыгаруу алардын негизги иши экенине карабастан, бардык добуш берүүлөргө толук катталышпаганын аныктадык. Айрым депутаттар жыйырмага жакын “гана” добуш берүүгө катышпаса, айрымдары жүздөгөн добуш берүүгө катышкан эмес. Бул депутаттардын арасында ар бир бешинчи добуш берүү процессине катышпагандар да бар.

Учурдагы парламенттин депутаттарынын 20%дан ашыгы сунушталган мыйзам долбоорлоруна дээрлик дайыма “макул” же болбосо өздөрүнүн мыйзам чыгаруу милдетин так аткарышпайт. Биз болчо жаңы чакырылышка кайра келген депутаттар мындай жолго түшпөйт деген үмүттөбүз.


Биз кантип эсептегенибизди айтып берели

Жогорку Кеңештин сайтынан 15.06.2016-жылдан 25.06.2020-жылга чейин үчүнчү окууда мыйзам долбоорлоруна, ратификациялык актыларга жана чечимдерге добуш берүү маалыматтарын түшүрүп алдык. Бардык тизмеден кайра шайланган 20 депутатты тандап, өткөн чакырылышта кандай добуш бергенин талдап чыктык.

Авторлор: Чолпонбек Сабырбеков, Алтынай Нурланова, Эркеайым Темирболотова

Дата-редактор: Айзада Тома

Иллюстрация: Дарья Удалова Kloop.kg’ден алынды

Бул материал Дүйнөлүк Банк жана IDEM менен биргеликте Кыргыз Республикасында USAIDдин колдоосу менен ишке ашырылган «Кыргызстандагы Интерньюс» «Медиа-К» долбоорунун дата-журналистика программасынын стипендиаттары тарабынан түзүлдү. Программанын ментору — Андрей Дорожный. Материалдагы ой-пикирлер жана тыянактар сөзсүз түрдө Интерньюстун жана анын өнөктөштөрүнүн көз-карашын чагылдырбайт.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты