Кайгуул кызматкерлерине кол көтөргөн адамдар кармалды
- 2 месяца мурун
Бишкек шаарында коомдук тартипти бузуу фактысы милиция кызматкерлери тарабынан токтотулду. Бул тууралуу Бишкек шаарынын ИИББ билдирди.
Маалыматка ылайык, буга чейин социалдык тармактарда мас абалындагы бир топ эркектердин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлерине кол салганы тууралуу видео тараган.
Аталган факт Октябрь райондук ички иштер башкармалыгында каттоого алынып, текшерүүгө чейинки иштер башталган. Анын жыйынтыгында окуяга тиешеси бар бардык жарандар аныкталып, милиция бөлүмүнө жеткирилген.
Кармалгандар: 2003-жылы туулган Б.К., 2002-жылы туулган А.А. жана 1999-жылы туулган А.Н. Аларга «Майда бейбаштык» беренеси боюнча протокол түзүлүп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Муну бөлүшүү




