Кадамжайда өзгөчө кырдаал режими алынды

  • 3 месяца мурун

Калыбына келтирүү иштерине жардам көрсөтүлүп, калыбына келтирүү жана сел кесепеттерин жоюу иштери жыйынтыкталгандыгына байланыштуу Баткен облусунун Кадамжай районунда өзгөчө кырдаал режими алынды.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.

24-июнда нөшөрлүү жаандан улам Кадамжай районунун Искак Полотхан айыл аймагынын Жеңиш айылында сел келип, турак үйлөргө, жер төлө жана социалдык объекттерге да сел суулары кирип, өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

Сүрөт: ӨКМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты