Кадамжайда трассада бара жаткан унаа жарылып кетти

  • 2 года мурун

Баткен облусунун Кадамжай районунда трассада бара жаткан унаа жарылып кетти. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 6-декабрда саат 10:00дөр чамасында “Деу-Лассети” үлгүсүндөгү унаа Риштан-Сох автожолунун 16-километринде, тактап айтканда, Миң-Чынар айылынын батыш тарабын көздөй баратканда, кыймылдаткычына газ баллон жабдыгы орнотулгандыктан кокусунан жарылып кеткен.

Унаада төрт адам болгон, алар кырсыктан эч кандай жараат алышкан жок.

Бул факты Кадамжай районунун маалыматтардын электрондук журналына катталып, текшерүү иштери жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты