Кадамжайда өспүрүм мотоцикл менен кырсыктап каза болду
- 2 недели мурун
Баткен облусунун Кадамжай районунда 16 жаштагы өспүрүм 28-майда мотоциклден кулап каза болду. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ал Көк-Жалаң жайлоосуна мал караганы бара жатып, жаңы сатып алган спорттук “Эндуро” мотоциклин башкара албай жыгылган. Алынган оор жаракаттардан улам өспүрүм тез жардам унаасында ооруканага жетпей көз жумган.
Милиция кызматкерлери тарабынан соттук-медициналык жана соттук-автотехникалык экспертизалар дайындалды. Учурда Кадамжай РИИБ тарабынан текшерүү иштери улантылууда.
Муну бөлүшүү




