Кадамжайда окуучулардын унаадан кулашы боюнча мектеп жетекчилерине, мугалимдерге чара көрүлдү

  • 1 год мурун

Кадамжай окуучулардын унаадан кулашы боюнча мектеп жетекчилерине, мугалимдерге чара көрүлдү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Билим берүү жана илим министрлиги Кадамжай райондук билим берүү бөлүмүнүн №16 аппараттык кеңешмесинин протоколдук чечиминин негизинде “Өрүк-Зар” орто мектебинин директору А.Алимбаевге эскертүү берилип, тарбия иштери боюнча директордун орун басары А.Калбаев, соцпедагогдор А.Коргонова менен Г.Сабирова кызматтан бошотулду.

Ал эми 9-а-б-класстарынын класс жетекчилери Г.Закирова менен А.Үрүстөм кызы окуучулардын ден соолугуна доо кетиргендиги, өмүрлөрүнүн коопсуздугун сактабагандыгы үчүн иштен бошотулду.

1-июнда “Өрүк-Зар” орто мектебинин 9-класс окуучуларынын ден соолугуна жана өмүрүнө коркунуч келтирилген окуянын негизинде райондук билим берүү бөлүмүнүн иш планы түзүлүп, иш аракеттер жүргүзүлдү.

Эске салсак, 1-июнда Кадамжай районунун Өрүкзар айылындагы “Өрүк-Зар” орто мектебинин 9-класстарынын окуучулары “Hyundai Porter” автоунаасы менен жол кырсыгына кабылган. Окуучулар мектепте класс жетекчилери Г.Закирова жана А.Үрүстөм кызы менен виньеткага сүрөткө түшүп, андан соң Өрүк-Зар айылынын спорт аянтчасында сүрөткө түшүү үчүн бара жатышкан. Автоунааны 9“б”-класстын класс жетекчиси А.Үрүстөм кызы айдап бара жаткан. Жолдо автоунаанын борту (тосмосу) сынып кетип, окуучулар жерге кулап түшкөн. Кырсыктан 9 окуучу Кадамжай райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборуна жеткирилип, медициналык текшерүүдөн өткөрүлгөн. Жыйынтыгында 2 окуучу кыз жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Учурда кыздардын абалы жакшы.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты