Кадамжайда мыйзамсыз миграцияны уюштурганга шектелип чет өлкөнүн жараны кармалды

  • 12 месяцев мурун

Кадамжайда мыйзамсыз миграцияны уюштурганга шектелип чет өлкөнүн жараны кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Өзбекстандын 36 жаштагы И.Г. аттуу жараны мамлекеттик чек-араны мыйзамсыз бузуп кирип, нан бышыруучу жайда эмгектенип жаткандыгы аныкталды. Кылмыш жаза кодексинин 378-беренеси (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Тергөө иштеринин алкагында бул жаранды Кыргыз Республикасынын аймагына мыйзамсыз алып келип, мыйзамсыз иштетип жаткан Өзбекстан Республикасынын 39 жаштагы У.О. аттуу жараны экендиги аныкталып, Кадамжай РИИБдин КБРне Кыргыз Республикасынын 168-беренеси (Мыйзамсыз миграцияны, мигранттарды мыйзамсыз алып келүүнү (алып чыгууну) уюштуруу) беренеси менен кылмыш иши козголуп, сотко чейинки өндүрүш иши ачылды. Учурда кармалган эки жаран убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты