Кадамжайда мал уурдоого аракеттенген шектүүлөр кармалды

  • 12 месяцев мурун

Кадамжай районунда мал уурдоого аракеттенген кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын ыкчам кызматкерлери Кадамжай районунун аймагында мал уурдоого аракеттенген жарандарды кармашты.

Кызматкерлерге «А» жана «Ү» аттуу жарандар Баткен облусунун Кадамжай районунда мал уурдоого бара жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. 30-июль күнү Кызыл-Кыя-Ош унаа жолунда “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү чоң жүк ташуучу унаа токтотулуп, ичиндеги уурдалган 3 баш уй жана 3 жылкы аныкталган.

Аталган факты боюнча Кадамжай РИИБнин тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин (уурдоо) 205-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү катары Баткен районунун эки тургуну 1992-жылы туулган Н.А. жана 1989-жылы туулган М.У. кармалып, Кадамжай РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда милиция кызматкерлери тарабынан бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты