Кадамжайда көмүр шахтасында иштеген жаран газга ууланып көз жумду
- 1 год мурун
Бүгүн, 20-майда Баткен облусунун Кадамжай районундагы Боз айылындагы тоо этегинде жайгашкан көмүр казуучу жеке шахтада бир жаран газга ууланып каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдады.
Маалыматка ылайык, “112” кызматына шахтанын бир бөлүгүнө уулуу газ толуп, анын ичинен бир киши чыга албай калганы тууралуу билдирүү түшкөн.
Окуя болгон жерге ӨКМден 6 куткаруучу жөнөтүлүп, алар маркумдун сөөгүн 90 метр тереңдиктен чыгарып, жакындарына өткөрүп беришкен.
Муну бөлүшүү




