Кадамжайда беш жашар бала сел суусуна агып кетип, каза тапты

  • 4 месяца мурун

24-июнда кечке жуук Баткен облусундагы селден Кадамжай районунун Исхак-Полотхан айыл өкмөтүндөгү Жеңиш айылынын беш жаштагы тургуну каза болду.

Бул тууралуу «Азаттык» жазды.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү 25-июнда маалымдагандай, беш жаштагы Саидазим Илхамовдун сөөгүн жергиликтүү тургундар саат 23:45тер чамасында табышкан.

Исхак-Полотхан айылынын 70 жаштагы тургуну да жаракат алып, ооруканага жаткырылды.

ӨКМ куткаруучулары тарабынан сел суулары кирген турак жайдан жашы жете элек үч бала жана 2 жаран аман-эсен куткарылып, учура алардын абалы туруктуу.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, 24-июнь күнү саат 17:00 чамасында Кадамжай районунун аймагында нөшөрлүү жаан жаап, анын кесепетинен Орозбеков айыл аймагынын Охна сел өткөрүүчү сайынан сел түшүп, темир бетон шакекче менен курулган 5 көпүрөнү бузуп кеткен.

Ак-Турпак, Молдо Нияз, Исхак-Полотхан айыл аймактарына да сел келип, Эргенек участкасындагы балдар бакчасынын жертөлөсүнө, Жеңиш айылындагы аймактык оорукана жана балдар бакчасынын, Т.Сатылганов атындагы орто мектептин короосуна сел суулары кирген.

Кадамжай району боюнча жалпысынан №107, №75 жана №76 ӨККБнөн 33 куткаруучу, ошондой эле №3 Тоо кырсыгынан куткаруу кызматынын мобилдик взводунан 5 куткаруучу тартылды.

Мындан сырткары, жеринде ӨКМдин Баткен облусу боюнча башкармалыгынын башчысы подполковник Т.Айткулов координациялык иштерди алып барууда.

Сүрөт: ӨКМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты