Кадамжайда 10 ай ичинде жаш өспүрүмдөр тарабынан 17 кылмыш жасалды

  • 2 года мурун

Кадамжай районунда 10 ай ичинде жаш өспүрүмдөр тарабынан 17 кылмыш жасалып, баарынын бети ачылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кадамжай РИИБдин балдар менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери район аймагындагы ар бир орто мектептерге барып, мектеп окуучулары менен жолугушууларды уюштурууда.
Жолугушууда жаш өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулукту болтурбоо, зордук-зомбулукка жол бербөө, укук бузуулардын алдын алуу боюнча темалар козголуп, түшүндүрүү иштерин өткөрүүдө.

Сабакка себепсиз келбей, акча табуу үчүн өз алдынча эмгекке тартылууларын алдын алуу, ар бир мектеп окуучуларынын коопсуздугун камсыздоо максатында соцпедагогдор менен биргеликте жыйналыштар уюштурулуп, эскертүүлөр берилүүдө.

Кадамжай районунун аймагында 10 ай ичинде жаш өспүрүмдөр тарабынан 17 кылмыш катталып, баарынын бети ачылган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты