Кадамжай РИИБинин кызматкери пара алууга шектелип кармалды

  • 2 года мурун

Кадамжай районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкери милициянын капитаны Б.У. пара алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

«Кадамжай районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкери милициянын капитаны Б.У. жол кырсыгынын фактысы боюнча материалдарды токтотуу үчүн 40 миң сом өлчөмүндө опузалап акча каражатын талап кылган.12-октябрда УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын, ИИМдин Баткен облусу боюнча ички иликтөө кызматынын кызматкерлери жана облустук прокуратуранын кызматкерлери тарабынан, милиция кызматкери мурда алган акча каражатын кайра кайтарып берүү учурунда кармалды», — деп жазылат маалыматта.

Учурда Кылмыш-жаза кодексинин 342-берененин 2-бөлүмүнүн 1-пункту «Пара алуу» боюнча кылмыш иши козголуп жана бул факты боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат, кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты