Кадамжай районунда дарыяга түшүп кеткен баланын сөөгү табылды
- 2 года мурун
Кадамжай районунда дарыяга түшүп кеткен баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 12-июль күнү Кереге-Таш айылында 2012-жылы туулган Т.А. аттуу жаш бала Исфайрам дарыясына түшүп кеткен. 13-июль күнү жерине издөө иштерин жүргүзүүгө ӨКМден жалпы 21 куткаруучу, ИИМден 18 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 38 адам тартылып, баланын сөөгү ИИМ кызматкерлери тарабынан табылган.
Муну бөлүшүү