Кабулда Өзбекстан менен «Талибандын» өкүлдөрү жолугушту

  • 5 месяцев мурун

12-мартта Өзбекстандын тышкы иштер министри Бахтиёр Саидов Ооганстандын борбору Кабулга барып, талибдер түзгөн өкмөттүн өкүлдөрү менен жолугушту.

Саидовдун айтымында, Кабулда ал Ооганстандын убактылуу өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрдү.

«Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө биз өз ара кызматташуунун кеңири спектрин талкууладык. Экономикалык байланыштарды чыңдоо жана ишкердик чөйрө ортосундагы мамилелерди жакшыртуу үчүн эң ыңгайлуу шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл бурдук» деп айтылат министрдин билдирүүсүндө.

Былтыр Өзбекстандын мурдагы тышкы иштер министри, учурда президенттин тышкы саясат боюнча атайын өкүлү Абдулазиз Комилов жана Өзбекстандын Ооганстан боюнча атайын өкүлү Исматулла Эргашев талиптердин өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөн. Октябрда Өзбекстандын вице-премьер-министри Жамшид Хожаев баштаган делегация Ооганстанга барган.

Өткөн айда Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматынын башчысы Абдусалом Азизов Кабулда талиптердин убактылуу коргоо министри Мохаммад Якуб менен жолукканы кабарланган.

2022-жылдын декабрында Мирзиёев «Талибан» өкмөтү менен кызматташууга даяр экенин билдирген.

12-мартта Кабулдагы жолугушууда «Талибандын» экономикалык маселелер боюнча вице-премьер-министри, молдо Абдул Гани Барадар Ооганстандын түндүгүндө курулуп жаткан Коштепа каналын «ооган элинин көптөн берки тилеги» деп атады.

Өзбекстандын вице-премьер-министринин басма сөз кызматы билдиргендей, «Талибандын» өкүлү ооган эли бул каналды көптөн бери кыялданып келгенин, бирок көп жылдык согуш жана өлкөдөгү туруксуздук буга тоскоол болгонун белгиледи.

Буга чейин расмий Ташкент Ооганстандын түндүгүндөгү Коштепа каналынын курулушуна тынчсыздануусун билдирип, андан соң бул долбоор боюнча талиптер менен кызматташууга даяр экенин билдиргени кабарланган.

Талаштуу канал толугу менен курулуп бүтсө Ооганстан Амударыядан суунун 15 пайызын алат, бул Өзбекстан менен Түркмөнстанга олуттуу көйгөйлөрдү жаратары кабарланууда. Былтыр декабрда экологдор Коштепа каналында чоң авария болгонун айтышса, талиптер муну четке кагышкан.

Бул арада өзбек тарап талиптер бийликке келгенден көп өтпөй «Термиз – Мазари Шариф – Кабул – Пешавар» темир жол линиясын куруу боюнча «Талибан» кыймылы менен кызматташууну баштаган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты