«Көз карандысыздык декларациясын кабыл алуу демилгесин көтөргөн». Бегиш Аматовдун аза бейнеси

  • 1 неделя мурун

«Бегиш Аматов 1990-1994-жылдары эл арасында “Легендарлуу парламент” деп аталган XII чакырылыштын депутаты болгон. 1991-жылдын 31-августунда алгачкылардан болуп, Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгы жөнүндө декларацияны кабыл алуу демилгесин көтөрүп, элибиздин эгемендүүлүк алышына зор салымын кошкон». 

Жогорку Кеңеш Бегиш Аматовдун аза бейнесинде анын Көз карандысыздык декларациясын кабыл алуудагы эмгегин баса белгиледи.

Депутат Марлен Маматалиев 26-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Бегиш Аматовдун көз карандысыздык декларациясындагы эмгеги үчүн Эл баатыры наамын ыйгарууну сунуштады.

«Легендарлуу парламенттин» депутаты, белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Бегиш Аматов 2024-жылдын 26-сентябрда 75 жаш курагында дүйнөдөн өттү. Анын сөөгү туулуп-өскөн айылында жерге берилди.  

Бегиш Аматов 1949-жылы Ош облусунун Алай районуна караштуу Көлдүк айылында туулган. Алгач 1966-жылы зооветеринардык техникумду аяктап, андан соң 1971-жылы Кыргыз айыл чарба институтун бүтүргөн. 

Эмгек жолун 1971-жылы Алай совхозунда зоотехник болуп иштөөдөн баштаган. 1974-1976-жылдары Ленин совхозунда башкы зоотехник, 1976-1981-жылдары Социализм совхозунун директору болуп эмгектенген. 1981-1983-жылдары Алматы шаарындагы жогорку партиялык мектептен билим алып, 1983-1990-жылдары Базар-Коргон районунун партиялык комитетинин секретары болуп кызмат кылган. 

Бегиш Ааматов 1990-1994-жылдары эл арасында “Легендарлуу парламент” деп аталган XII чакырылыштын депутаты болгон. 1991-жылдын 31-августунда алгачкылардан болуп, Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгы жөнүндө декларацияны кабыл алуу демилгесин көтөрүп, элибиздин эгемендүүлүк алышына зор салымын кошкон. 

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты