Күрөш боюнча Азия чемпионатына бара турчу спортчуларга акча бөлүндү

  • 2 года мурун

Каржы министрлиги күрөш боюнча Монголиянын Улан-Батор шаарында өтүүчү Азия чемпионатына бара турган спортчуларга каражат бөлүп берди. Бул тууралуу “Азаттык” радиосу Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясына шилтеме берип жазды.

Маалыматка ылайык, Финансы министрлиги баш-аягы 8 миллион сом которгон. Бул каражат Улан-Баторго бараткан 23 спортчу, алты машыктыруучу, эки дарыгер, бир укалоочу жана эки калыстын авиабилетине, аккредитацияга, ПЧР-тест жана күнүмдүк чыгымга жумшалат.

“Каражатка байланыштуу Финансы министрлигине Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы март айында эле сунуштама жиберген. Министрлик акчаны бүгүн гана которду”, — деп билдирген дирекциянын басма сөз катчысы Айгерим Турдалиева.

Финансы министрлиги Дене тарбия жана спорт башкармалыгына 2022-жылдын апрель айына 99,6 миллион сом каралып, 14-апрелге карата анын 19 миллион сому бөлүнгөнүн билдирди. Мекеме мамлекеттик органдардын чыгымдарын каржылоонун тартиби бар экенин белгиледи.

Жогорку Кеңештин 14-апрелдеги жыйынында депутат Шайлообек Атазов кыргызстандык балбандарга эл аралык мелдешке баруу үчүн Финансы министрлиги акча которбой жатканын айтып, сынга алган.

Грек-рим күрөшү, эркин күрөш жана кыз-келиндер күрөшү боюнча Азия чемпионаты 19-апрелден 24-апрелге чейин Монголиянын Улан-Батор шаарында өтөт. Дене тарбия жана спорт департаменти мелдешке Кыргызстандан 23 балбан катышаарын билдирген. Алардын катарында Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, Эрназар Акматалиев, Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова, Айпери Медет кызы бар.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты