Күрөш боюнча Азия чемпионаты (U23): Кыргызстандык балбандар топ-5ке кирди
- 4 недели мурун
Вьетнамда өткөн кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча Азия чемпионатында Кыргызстандын курама командасы мыкты жыйынтык көрсөттү. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн расмий сайты жарыяланды.
Кыргызстандын кыз-келиндер курама командасы жалпы командалык эсепте төртүнчү орунду ээледи. Биринчи орунду Индия, экинчи орунду Монголия, үчүнчү орунду Казакстан ээлешти.
Мекенибиздин балбандары бир алтын, эки күмүш жана эки коло медаль утуп алышты.
Эске салсак, буга чейин грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын курама командасы да жогорку жыйынтык көрсөтүп, командалык эсепте экинчи орунду ээлеген болчу.
Муну бөлүшүү