Көрүнүктүү композитор Сатылган Осмонов дүйнө салды

  • 1 год мурун

Кыргызстандын эл артисти, көрүнүктүү композитор, педагог жана коомдук ишмер Сатылган Осмонов 87 жаш курагында узакка созулган оорудан улам дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.

Сатылган Осмонов Муратаалы Күрөңкеев атындагы музыкалык-хореографиялык окуу жайды аяктап, Ташкент консерваториясында окуп, ошол эле учурда педагогдук ишмердүүлүгүн жүргүзгөн.

Анын чыгармалары драматизм, баатырдык, эпикалык кеңдик жана эң башкысы лирикалык тереңдик менен айырмаланган. «Ак-Мөөр» симфониясы, скрипка үчүн оркестр коштоосундагы концерттери, жана симфониялык поэмалары, камералык ансамблдери, хору, романдары болгон.

Осмоновдун чыгармачылыгында өзгөчө орунду «Сепил» операсы ээлейт. Ал 1987-жылы Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында коюлган.

Ал педагогикалык репертуар үчүн композициялык музыкалык эмгектерди, аспаптык пьесаларды, ырларды жана вокалдык циклдерди жазган. Өзгөчө баалуу мурастарынын катарына Кыргыз Республикасынын эл акыны А. Жакшылыковдун сөздөрүнө жазылган 25 романстан турган эки цикл кирет. Бул анын лирикалык өнөрүнүн чокусу болгон.

Ошондой эле анын акыркы жазган чыгармаларынан “Алымбек менен Курманжан” аттуу улуттук тарыхый-драмалык опера болуп саналат.

Улуттук музыканын өнүгүшүнө кошкон зор салымы үчүн 1990-жылы Кыргыз Республикасынын маданиятынын эмгек сиңирген ишмери, ал эми 2019-жылы Кыргыз Республикасынын эл артисти ардак наамдары ыйгарылган.

2008-жылы анын 70 жылдык мааракеси өлкө боюнча кеңири белгиленип, юбилейлик иш-чара өткөрүлгөн.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты