Көпчүлүк аймактарда туруксуз аба ырайы күтүлөт

  • 2 года мурун

8-9-ноябрда туруксуз аба-ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан-чачын жаашы, өрөөндөрдө жаан карга айланышы, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, 8-ноябрда Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облусунун айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Зымдарга жана бактарга суу кар жабышышы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт.

Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Мындай туруксуз аба-ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты