Көпчүлүк аймакта жаан жаайт. 24-июлдун аба ырайы
- 3 месяца мурун
- Жаңылыктар
Кыргызгидромет кызматынын маалыматына ылайык, 24-июлга караган түнү жана күндүз өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаашы күтүлөт.
Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4–9 метрге жетип, күндүз айрым аймактарда 15–20 метрге чейин күчөйт.
АБАНЫН ТЕМПЕРАТУРАСЫ:
Чүй облусунда түнкүсүн +14…+19, күндүз +29…+34;
Талас облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +27…+32;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +17…+22, күндүз +30…+35;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +20…+25;
Нарын облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +21…+26;
Бишкек шаарында жаан жаашы күтүлөт. Түнкүсүн +17…+19, күндүз +31…+33.
Сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




