Көпчүлүк аймакта жаан жаайт. 23-июлдун аба ырайы
- 3 месяца мурун
- Жаңылыктар
Кыргызгидромет кызматынын маалыматына ылайык, 23-июлга караган түнү Жалал-Абад облусунун көпчүлүк аймактарында, ошондой эле Чүй, Ош, Баткен, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт. Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.
Күндүз Чүй, Талас, Ош, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жана Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда жаан жаашы күтүлөт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4–9 метрге жетип, күндүз айрым жерлерде 15–20 метрге чейин күчөйт.
АБАНЫН ТЕМПЕРАТУРАСЫ:
Чүй облусунда түнкүсүн +14…+19, күндүз +27…+32;
Талас облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +25…+30;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +17…+22, күндүз +25…+30;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +23…+28;
Нарын облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +21…+26;
Бишкек шаарында маал-маалы менен жаан жаашы күтүлөт. Түнкүсүн +17…+19, күндүз +29…+31.
Сүрөт: Интернет булактарынан




