Көпчүлүк аймакта кар жаайт 

  • 3 месяца мурун

Бүгүн, 11-мартка караган түнү жана түшкө чейин өлкөнүн көпчүлүк аймактарында кар жаайт, түнкүсүн Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт, Талас, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 15-20 метрге чейин жетет.

АБАНЫН ТЕМПЕРАТУРАСЫ:

Чүйдө түнкүсүн -5…-10, күндүз -2…-7;

Таласта түнкүсүн -6…-11, күндүз -2…-7;

Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 0…-5, күндүз 0…+5;

Ысык-Көлдө түнкүсүн -3…-8, күндүз -3…+2;

Нарында түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…-5;

Бишкекте маал-маалы менен кар жаашы күтүлүүдө. Түнкүсүн -7…-9, күндүз -5…-7.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты