Көп өлкөлөрдө коронавируска окшош “агрессивдүү сасык тумоо” эпидемиясы жүрүп жатканы чындык (Фактчекинг) 

28-октябрь күнү, Британиянын “The Telegraph” маалымат агенттигинде “Дүйнөнүн көп өлкөлөрүндөгү бейтаптар жөтөл, баш ооруу сыяктуу симптомдору бар “Супер грипп” эпидемиясы менен ооруп жатышат” деген маалымат жарыяланган. Анда, бул вирусту жуктуруп алгандарда ПЧР тести коронавируска негативдүү болуп жатканы айтылат. 

Көп өлкөлөрдө коронавируска окшош “агрессивдүү сасык тумоо” эпидемиясы жүрүп жатканы чындык (Фактчекинг) 

ПолитКлиника медиасы бул маалыматты текшерип көрдү. 

“Агрессивдүү сасык тумоо” 

“The Telegraph” маалымат агенттигине жакынкы күндөрү бир топ Британиялыктар мурда эч качан оорубаган катуу тумоо менен ооруп жатканын айтышкан. 

“Алгач бул илдет тамак жана мурундагы коркунучтуу оорудан кийин башталды. Башым сынып кетчүдөй ооруп, өзүмдүм абдан алсыз сездим. Бул симптомдор башталгандан бир жума өткөндөн кийин, көкүрөк ооруткан жөтөл да  кошулду”,— деп сүрөттөгөн Британиялык Джулс Келли . Кызыгы, Келли алгач коронавирус менен ооруп калганын ойлоп, бирок ПЧР тести Covid-19га негативдүү чыкканын билдирген. 

Өзгөчө октябрь айында, Британияда катуу сасык тумоого туш болгонун билдирген жарандардын саны кескин көбөйгөн. Кайрылгандардын көпчүлүгү 15 жаштан 44 жашка чейинки адамдар болгон. Ал эми оорунун узактыгы беш жумага чейин созулуп, бир топ бейтаптар бул оору менен мурда оорубаганын билдиришкен. 

2021-жылы июль айында “New York Times” гезитинде Америкада да ушундай кырдаал түзүлгөнү тууралуу жазылган. АКШнын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борбору бул жайда жалпы респиратордук вирустардын өзгөчө жаш балдардын арасында көбөйүп жатканы айтылган. 

Австралиянын Королдук колледжинин окумуштуулары да май айында респиратордук вирустардын Австралияда күч алганын билдиришкен.

Көп өлкөлөрдө коронавируска окшош “агрессивдүү сасык тумоо” эпидемиясы жүрүп жатканы чындык (Фактчекинг) 

2007- 2019-жылдар аралыгында Австралияда сасык тумоого туш болгондордун саны мурдагы жылдарга салыштырмалуу өтө жогору болгон. 

Мындан сырткары көпчүлүгүндө, мурдагыга салыштырмалуу  сасык тумоонун белгилери агрессивдүү болгону белгиленген. 

Well Pharmacy компаниясынын изилдөөчүсү Венди Ли кыш мезгили жакындап калганда респиратордук вирустар күчөй турганын билдирген:

 «Кыш мезгилине жакын аба сууктап баштаганда биз үйдө көбүрөөк убакыт өткөрөбүз. Бул сасык тумоо, пневмония жана ковид сыяктуу вирустардын желдетүүнүн начардыгынан оңой жайылышына шарт түзөт. Айрыкча былтыркы изоляция учурунда адамдардын иммундук системасы да бузулгандыктан респиратордук вирустардын көбөйүшүн шарттады”,-деп айткан Венди Ли. 

Азыркы учурда дүйнө жүзүндө жайылып жаткан агрессивдүү тумоо коронавирустун жаңы формасы экени же башка ооруу экени изилдене элек. Бирок бир топ окумуштуулар респиратордук вирустардын күчөшүнө коронавирустун да таасири бар экенин билдиришкен. 

«Коронавирус менен байланышкан бөгөттөлөрдөн улам иммундук система адамдар күн сайын метродо жумушка баратканда, кеңседе убакыт өткөргөндө, достору менен жолугушууда жана балдарды бала бакчага жөнөтүүдө кездешүүчү көптөгөн патогендик микроорганизмдердин таасири менен байланышкан күнүмдүк вирустар менен күрөшпөй калды. Натыйжада, бул адамдын иммундук реакцияларды жайлатып, алсыратты «,- деп билдиришкен. 

Well Pharmacy компаниясынын изилдөөчүсү Венди Ли агрессивдүү вирусту алдын алуунун эң жөнөкөй жолу витаминдүү азыктар менен тамактануу жана күн сайын жок дегенде жарым саат болсо да күнгө чыгуу организмге пайдалуу болоорун айткан.

Кыргызстан жана “агрессивдүү сасык тумоо” 

Дүйнө жүзүндө сасык тумоого байланыштуу болуп жаткан  кырдаал Кыргызстанда да байкалды. 

Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти жыл сайын күз-кыш мезгилинде республикада сасык тумоо жана ОРВИ менен ооругандардын саны көбөйүп жатканын билдирген. Маалыматка ылайык, 2020-жылдын ушул айларына салыштырмалуу респиратордук вирус менен ооругандардын саны 2,4%га өскөн. Алардын 94%ын 14 жашка чейинки балдар түзгөн. 

Жыйынтык: Дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө “агрессивдүү сасык тумоо” эпидемиясы жүрүп жатканы чындык. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты