«Күндө шоу, күндө ызы-чуу». Марлен Маматалиев Жогорку Кеңеш башка нукка түшүп алганын айтты
- 2 года мурун
Депутат Марлен Маматалиев Жогорку Кеңеш башка нукка түшүп алганын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 1-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
«Тилекке каршы, Жогорку Кеңеш башка нукка түшуп алды. Такыр башка жол менен кетип жатабыз. Күндө шоу, күндө ызы-чуу. Сыртта «шоу башталды же «Дом 2″ башталды» деп айтып калышты. Бүгүн ич ара сүйлөшүп алалы. Каякка баратабыз эмне болуп жатабыз? Өзүбүздүн маселени карап коёлу», — деди Марлен Маматалиев.
Муну бөлүшүү