Көлбаевдин кылмыштуу тобунун мүчөсү, «Тапанча» каймана аттуу жаран кармалды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан “мыйзамдагы ууру» Камчы Көлбаевдин (К.Асанбектин) уюшкан кылмыштуу тобунун ишмердүүлугүн, криминалдык чөйрөдө «Тапанча» деп таанылган жеке ишкер И.Б.Б. тарабынан каржылоо фактысы аныкталды. 

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, И.Б.Б. маркум кримтөбөл Камчы Көлбаев (К. Асанбек) менен жакын байланышта, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү болуу менен Чолпон-Ата шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, аффилирленген жактар аркылуу «Көгүлтүр Ысык-Көл» жана «Кыргыз деңизи» пансионаттарына жакын жайгашкан пляждык аймактарды көп санда тариздегени такталды.

Кымбат кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктөрдү алууда, бир нече ишкердик субъекттерин ачууда, И.Б.Б. өзүнүн социалдык статусун жана финансылык абалын жакшырткан. Ошону менен бирге, ал мыйзамсыз алынган акча каражаттарынын бир бөлүгүн Камчы Көлбаевдин  (К. Асанбектин) «ууру казынасын» толуктоого байма-бай жумшаган.

Мындан улам, 7-августта И.Б.Б. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тергөө иш-чаралары улантылып жатканы белгиленди.

Атайын кызмат 4-октябрда Бишкекте “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбек) атайын операция маалында өлтүрүлгөнүн ырастаган. Көлбаевди кармоо операциясы ишкерлердин өзгөчө ири өлчөмдө мүлкүн мыйзамсыз тартып алуу фактыларына жана “Дөө” каймана аты бар Чыңгыз Жумагуловду өлтүрүүнү уюштурууга катышы бар деген арыздарга байланыштуу жүргөнүн билдирген.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы   

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты