Көлбаевдин апасына катталган мүлктөр боюнча соттук териштирүү уланууда

  • 2 месяца мурун

Кримтөбөл Камчы Көлбаевди апасы Мая Алиевага кылмыш-жаза кодексинин 222-беренеси («кылмыштуу жол менен алынган кирешени адалдоо») беренеси менен иш козголуп, ага катталган 13 мүлк боюнча соттук териштирүү уланып жатат.

Сот отурумдарынын бири анын үйүндө өтүп, видеосу социалдык тармактарга жарыяланды. Анда айыпталуучу төшөктө жатканын, анын тегерегинде судья, прокурор жана адвокат отурганын көрүүгө болот.

Мая Алиеванын үйүндө уланган отурумдун видеосун анын адвокаты Бактыбек Жумашев жарыялаган, андан кадимкидей эле процесс өтүп жатканын көрүүгө болот. Болгону айыпталуучу катары өтүп жаткан Мая Алиева төшөктө жатканы тартылган.

Камчы Көлбаевдин апасы “кылмыштуу жол менен алынган кирешени адалдоо” беренеси менен айыпталып, бул иш шаардагы Октябрь райондук сотуна 2024-жылы 17-апрелде келип түшкөн.

Ошондон бери анын наамындагы 13 мүлк боюнча соттук териштирүү жүрүп жатат. Ишти караган судья Тилектеш Бегалиев 22-июлда көчмө отурум өткөрүү чечимин кабыл алып, айыпталуучунун үйүндөгү процесске бардык тараптар катышкан.

Көлбаевдин апасынын үйүндөгү отурум социалдык тармактарда талкуу жаратты. Бишкек шаардык соту айыпталуучу жараянды атайын создуктуруп жаткандыктан, ушундай чечим кабыл алынганын билдирди.

“Үч айдан бери сотко айыпталуучуларды алып келүү үчүн болгон аракеттер көрүлдү. Бирок айыпталуучулар жана алардын адвокаттары сот процессин жасалма жолдор менен чойгонго аракет кылып жатат. Бир эле жолу, 22-июлда сот процесси айыпталуучунун үйүндө өттү. Андан кийинки отурумдар соттун имаратында болду. Келерки процесс 29-июлда, сот жараяны ачык” деп айтылат шаардык соттун маалыматында.

Мунун алдында Көлбаевдин бир тууганы Жолдошбек Көлбаев бийликке кайрылуу жолдогон. Мая Алиева 29-июлдагы отурумга келген жок. Анын адвокаты Бактыбек Жумашев айыпталуучу эки жолу инсульт алгандыктан, отурумдарга келе албай турганын, келсе да анын мазмунун түшүнбөй калышы мүмкүн экенин айтты. Ушундан улам сотко медициналык, психиатриялык экспертиза дайындоо өтүнүчүн келтирди.

“Эптеп-септеп басат. Кадамдары ашып кетсе 10 сантиметрден. Түшүнүүсү боюнча да чоң күмөнүм бар. Анткени көчмө сот учурунда эмне сөз болуп жатканын түшүнбөйт. Каякта жашап жатканы, каякта туулганы боюнча суроолорго да жооп бере албай, анын ордуна балдары жооп берип жатышты. Сотко катышары же катыша албашы психиатриялык экспертизанын жыйынтыгы менен гана чечилиши керек деп эсептейм».

Мая Алиеванын адвокаттары сотко анын 2014-жылы инсульт алганы туурасында гана аныктаманы алып келип, соңку жылдардагы саламаттыгы боюнча документтерди көрсөткөн эмес. Прокурор андан бери Мая Алиева ар кандай иш-чараларга, тойлорго катышып жүргөнүн айтып, экспертиза дайындоого негиз жоктугун билдирди.

“Андан бери 10 жыл өттү. Ал бардык салтанаттуу иш-чараларга катышып келген. Анын акыл-эси ордунда эле болгон. Анан бир учурда эле өзүнүн аракеттерине жооп бере албайт деп эсептелип калабы?» деди сотко катышып жаткан прокурор.

Жыйынтыгында кримтөбөлдүн апасына байланыштуу иш 30-июлга жылды. Отурумга Мая Алиеванын саламаттыгы боюнча документтер алынып келсе, судья адвокаттын өтүнүчү боюнча чечим кабыл алышы керек.

Атайын кызмат 2023-жылы 4-октябрда Бишкекте “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбек) атайын операция маалында өлтүрүлгөнүн ырастаган. Көлбаевди кармоо операциясы ишкерлердин өзгөчө ири өлчөмдө мүлкүн мыйзамсыз тартып алуу фактыларына жана “Дөө” каймана аты бар Чыңгыз Жумагуловду өлтүрүүнү уюштурууга катышы бар деген арыздарга байланыштуу жүргөнүн билдирген.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) атайын операция учурунда өлтүрүлгөн Камчы Көлбаевдин 1 миллиард долларга бааланган мүлктөрүн коомчулукка жарыялады.

Сүрөт: Социалдык тармактан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты