К.Көлбаев атындагы туннелде маал-маалы менен чектөөлөр киргизилүүдө

  • 2 года мурун

К.Көлбаев атындагы туннелде маал-маалы менен чектөөлөр киргизилүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, туннелдин ичинде жарык берүүчү чырактарды орнотуу иши жүрүп жаткандыгына байланыштуу, унаалар үчүн маал-маалы менен убактылуу чектөөлөр киргизилип турат. «Урматтуу жарандар жана айдоочулар, оңдоп-түзөө иштерин түшүнүү менен кабыл алууңуздарды өтүнөбүз», — деп айтылат маалыматта.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты