“Көк-Арт” чакан ГЭСи: Инвестициянын жарымы — өзбек-кыргыз өнүктүрүү фондунун, жарымы жеке инвестордун салымы

  • 2 месяца мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-июлда, Жалал-Абад облусуна жасаган жумуш сапарынын жүрүшүндө “Көк-Арт” чакан ГЭСин ачты.

Президенттин сайтында маалымдалгандай, Жалал-Абад облусунун Сузак районунда орун алган “Көк-Арт” чакан ГЭСинин курулушу 2023-жылдын августунда башталган. Гидроагрегаттын кубаттуулугу 6,8 МВт түзөт. Жылына болжол менен 25 млн кВт/саат энергия иштеп чыгат.

Мамлекет башчы бул ГЭСтин кыска убакытта бүтүшүнө Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун салымы чоң болгонун айтты. ГЭСтин курулушуна тартылган жалпы инвестициялардын көлөмү 7,8 млн АКШ долларын түзөт. Бул сумманын жарымы Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун салымы, калган жарымы жеке инвестордун салымы болду.

Президент Садыр Жапаров өндүрүлгөн электр кубаты Сузак районунун 10 миңден ашуун калкынын муктаждыгын канааттандырууга жетиштүү экенин айтып өттү.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты