Күйөөсү атып өлтүргөн Жибек Урустемованын уулу президентке кайрылды

  • 6 месяцев мурун

Күйөөсү мыкаачылык менен өлтүргөн Жибек Урустемованын 19 жаштагы уулу бийликке кайрылды. Ал президент Садыр Жапаровго жана УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге жолдогон кайрылуусунда апасы каза болгондон кийин аларды бага турган киши эми жок экенин, батир акысы төлөнбөй калышы ыктымал болуп жатканын айтып, жардам берүүсүн суранган.

Өзүнөн кийин дагы эки иниси бар экенин, аларды багуу үчүн өзү окуусун таштап, иштөөгө мужбур болуп жатканын айтты.

«Менин апам өмүр бою катардагы мугалим болуп эмгектенип, акыркы 5-6 жылдан бери иштебей үйдө жаткан өгөй атамды жана бизди багып келген. Биз жашап жаткан батир ипотекага алынып, анын акчасын ай сайын апам өзү төлөп жүрчү. Азыркы тапта батир карызыбыз 2 млн сомдун тегерегинде. Бизге жардам берүүңүздөрдү өтүнөм, азыр биздин турмуштук абалыбыз өтө оор болуп турат. Анткени мен студент катары мынча чоң сумманы өз алдымча төлөп бүтө албайм. Биз мамлекеттин колдоосуна муктажбыз», — деди ал.

Социалдык тармактын айрым колдонуучулары аларга банктык эсеп ачып, каражат чогултууну уюштуруу керек экенин жазып жатышат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты