“Күйөөнү кантип өлтүрсө болот?” деген эссенин автору күйөөсүн өлтүрүүгө шектелип, соттолуп жатканы чын (Фактчекинг)

Акыркы убактарда социалдык тармактарда “Күйөөнү кантип өлтүрсө болот?” деген эссенин автору жолдошун өлтүргөнү үчүн соттолду” деген маалыматтар тарап жатат. 

“Күйөөнү кантип өлтүрсө болот?” деген эссенин автору күйөөсүн өлтүрүүгө шектелип, соттолуп жатканы чын (Фактчекинг)

“ПолитКлиника” медиасы бул маалыматты текшерип көрдү. 

Ненси Крэмптон Брофи окуясы 

Америкалык жазуучу Ненси Крэмптон Брофи азыркы учурда 71 жашта. Ал буга чейин “Туура эмес күйөө”, “Жүрөктөгү тозок”(Көлөкө адамдар) жана “Туура эмес сүйүктүү” деген сыяктуу романдарды жазган. 

“Күйөөнү кантип өлтүрсө болот?” деген эссенин автору күйөөсүн өлтүрүүгө шектелип, соттолуп жатканы чын (Фактчекинг)

Ненси Крэмптон Брофи окуясы 2018-жылы катуу талкууга алынган. Анткени 2018-жылы 2-июнда Ненси Кремптондун күйөөсү Дэниел Брофи Орегон кулинардык институтунун ашканасында өлтүрүлгөнү маалым болгон. Штаттын полиция кызматкерлери Дэниелди өлтүрүүгө айыптап, Ненси Крэмптон Брофини эки айдан кийин кармаган. 

Ненси Кремптон алгачкы тергөө учурунда полицияга окуя болгон күнү эртең менен иттерин сейилдетип, андан кийин үйүндө болгонун айткан. 2020-жылы гана тергөөчүлөр окуя болгон күнү Нэнси Брофи күйөөсү иштеген кулинардык мектепке унаасын айдап барып, андан кийин үйүнө келген жол кыймылынын камерасын табышкан. Бул анын соттогу абалын өтө оорлоштурган. 

Кийинчерээк соттук-медициналык экспертизадан Дениел Брофини өлтүрүү үчүн колдонулган “Glock” тапанчасынын огун жана кээ бир тетиктерин Ненси Брофи интернеттен сатып алганы ортого чыккан. Бирок кылмышка тиешелүү болгон курал табылган эмес. Прокурор Ненсинин жолдошун өлтүрүү үчүн жүйөлүү себеби катары Дениелдин  1,5 миллион долларга жакын камсыздандыруу полисин өзүнө өткөрүүнү каалаганын билдирген. Жазуучу Ненси Брофи жана адвокаты бул айыптоону четке кагып келишкен.

 Соттук териштирүү жүрүп жаткан убакта Ненси Крэмптон Брофинин 2011-жылы “Кантип күйөөнү өлтүрүү керек?” деген эссеси да талкуу жараткан. 

Анткени эсседе күйөөнү өлтүрүү үчүн финансылык жактан жетишпөө, көзүнө чөп салуу жана кордолуу сыяктуу факторлор себеп болушу мүмкүн экенин айтат. 

“Күйөөнү кантип өлтүрсө болот?” деген эссенин автору күйөөсүн өлтүрүүгө шектелип, соттолуп жатканы чын (Фактчекинг)

Соттун жүрүшүндө бул жагдайлар да эске алынганы белгиленип келет. 25-май күнү өткөрүлгөн соттун жүрүшүндө Ненси Крэмптон Брофи жолдошу Дениэл Брофини өлтүрүү боюнча күнөөлүү деп табылган. Жергиликтүү маалымат каражаттары билдиргендей, Ненси Крэмптон Брофиге 13-июнь күнү өкүм чыгарылат. 

Жыйынтык: “Күйөөнү кантип өлтүрсө болот?” деген эссенин автору Ненси Крэмптон Брофи  жолдошун өлтүргөнү үчүн соттолуп жатканы чын. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты