Көчөт отургузууга Жапаров үй-бүлөсү менен жана меймандар катышты
- 1 год мурун
- Фоторепортаж
Садыр Жапаров бүгүн, 25-апрелде, «Туруктуу өнүгүү үчүн глобалдык тоо диалогу: Бишкек+25 саммитине бара жаткан жолдо» эл аралык конференциясынын экинчи күнүнүн алкагында көчөт отургузууга катышты.
Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Тянь-Шань карагайынын көчөттөрүн отургузуу аземи эл аралык конференциянын кадырлуу конокторунун катышуусунда Ала-Арча жаратылыш паркында өттү.
Иш-чара өтүүчү жерде тоо өндүрүмдөрүнүн жарманкеси уюштурулуп, салттуу музыка аткаруучуларынын катышуусунда кыска концерттик программа тартууланды.
Мамлекет башчысы жана ардактуу коноктор көргөзмө павильондорун кыдырып, анда өлкөнүн бардык облустарынан келген өндүрүмдөр менен таанышышты. Ал жерде улуттук суусундуктар, дары жана чай өсүмдүктөрү, жүндөн жана кийизден жасалган буюмдар, кыргыздын салттуу даамдары – боорсок, бал жана башка көптөгөн нерселер коюлган.
Катышуучуларга сый көрсөтүү иретинде жана кыргыз меймандостугу менен Президент Садыр Жапаров катышуучуларга символикалык белектерди: эркектер үчүн салттуу баш кийим ак калпак, аялдарга улуттук баш кийимдерди жана кыргыз эл кийимдеринин элементтерин тартуу кылды.







Сүрөттөр: president.kg




