Көчөдө аялын токмоктогон жаран жети күнгө камакка алынды

  • 2 года мурун

Бишкектин Ленин райондук соту борбор калаадагы көчөлөрдүн биринде аялын токмоктогон жаранды Үй-бүлө кодексинин 70-беренеси (үй-бүлөдөгү зомбулук ) боюнча күнөөлүү деп, жети күнгө камакка алуу чечимин чыгарды.

Ошондой эле жабырлануучу аялга милиция коргоо ордерин берди.

Шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын билдиришинче, күйөөсү ур-тепкиге алган келин тууралуу маалымат 30-январда түнкү саат 11лер чамасында түшкөн. Милиция кызматкерлери окуя болгон жерге барган учурда келин жолдошуна дооматы жок экенин айтып, ага каршы арыз жазуудан баш тарткан. Милиция ага карабастан бул окуяны териштирип жатканын билдирген.

Анын алдында социалдык тармактарда күйөсүнүн арачалагандарга баш бербей, аялы жыгылып калганына карабай башка-көзгө тепкилеп, сабап жатканы тартылган видео тараган.
Расмий маалыматтарга ылайык, 2021-жылы үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу 8,5 миңдей факт катталган жана бул мурдагы жылга салыштырмалуу 30% көп.

Башкы прокуратура 2012-жылдан 2015-жылга чейин жыл сайын 2500ден 3500ге чейин факты катталып турса, 2016-2018-жылдары ал 7000ден түшпөгөнүн маалымдаган. Мындан 90% ашык учурда аялдар жабыр тартат.

Үй-бүлөлүк зомбулук фактыларынын 90% ашыгы сотко жетпей түрдүү себептер менен кыскарып кетет.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты