“Көч башында болгула». Оморбек Кулжабаевдин элесине арналган турнир өттү
- 3 недели мурун
- Видео
Кемин районунун Чым-Коргон айылындагы “Хан Жантай” стадионунда Оморбек Кулжабаевдин жаркын элесине жана туулгандыгынын 70 жылдыгына арналган футбол боюнча райондук турнир өттү. Спорттук бул мелдешке Кемин районунун беш футбол командасы катышты. Жеңүүчүлөр турнирдин уюштуруучулары тарабынан сыйлыктарга ээ болушту.
Турнирдин ачылышына Кемин шаарынын мэри Кайрат Абдувалиев, Кыргыз эл акыны Акбар Рыскулов, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, айыл тургундары жана меймандар катышты. Турнирди Оморбек Кулжабаевдин уулу Канат Кулжабаев уюштурду.
Кемин шаарынын мэри Кайрат Абдувалиев турнирдин катышуучуларына өрнөктүү уулдарды эскерүү жакшы саамалык экенин, экинчи жагынан спортту кеңири жайылтуу менен, ден соолукту чыңдоого жакшы шарттар түзүлүп жаткандыгын белгиледи.
Турнир арналып жаткан Оморбек Кулжабаев тууралуу Кыргыз эл акыны Акбар Рыскулов мындай эскерди:
-Айланайын агайындар, бүгүн жакшы күн болуп турат. Омор Кулжабаев Чым-Коргон айылында туулуп-өскөн, мына бу жаркыраган мектепте билим алган. Ал медицина тармагын тандап, калктын саламаттыгын сактоого эмгеги сиңди. Саламаттык сактоо тармагынын бир өңүтүн башкарып келди, элге таанылды. Кемин райондук кеңешинин төрагасы да болду. Ал кишинин адамгерчилиги да бийик, жөнөкөй, карапайым, ошону менен катар замандаштарынын жакшылыгында да, жамандыгында да бирге болду. Мен аны абдан жакшы билем, бир чети сагынып турганда ушундай турнирди Омор Кулжабаевдин дарыгер уулу Канат баштаган балдары уюштуруп өткөрүп жатканына кубанып турам. Ушул стадионду салып берген агайыңар Бабан Сыдыгалиев да мында катышып отурат. Мен болсо замандаштарымды адабий чыгармалар, ырларым, романдарым менен даңктап келатам. Омордун агасы катары баарыңарга ыраазычылык айтам. Спортчуларга кааларым — бүгүнкү оюнуңар мага жакты, кадимки спорт чеберлериндей эле ойноп калыптырсыңар. Спорт бул ден соолук, гуманизмге, жакшылыкка алып барат. Ар бириңерге ийгилик каалайм. Ар дайым көчтүн башында жүрүңүздөр,-деди Кыргыз эл акыны Акбар Рыскулов.
Кулжабаев Оморбек 1954-жылы 20-апрелде Кемин районундагы Чым-Коргон айылында жарык дүйнөгө келген. Бала чагы айылда өтүп, орто мектепти 1971-жылы ийгиликтүү аяктагандан кийин Кыргыз мамлекеттик медицина институтунун санитария, гигиена факультетине тапшырып, санитардык врач, эпидемиолог адистигине ээ болгон.
Эмгек жолун 1977-жылы Кемин районундагы санэпидстанцияда врач-эпидемиолог болуп баштайт. Киндик каны тамган жеринде 8 жыл эмгектенгенден кийин, Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа районунун санитардык эпидемиологиялык станциясынын (СЭС) башкы дарыгери болуп беш жыл эмгектенген. Ысык-Көл жана Чүй облустарынын СЭСинде башкы дарыгердин орун басары болуп эки жыл, 1992-1996-жылдары Кемин райондук СЭСинде башкы дарыгер болуп иштеген. Өмүрүнүн акырына чейин Кеминдеги Кургак учукка каршы күрөшүү ооруканасынын башкы дарыгери кызматында эмгектенип келген.
Оморбек Кулжабаев өмүрүндөгү 31 жыл эмгек жолунун 23 жылында жетекчилик кызматтарды аркалады. Саламаттык сактоонун отличниги белгиси, Ардак грамота жана башка сыйлыктар менен сыйланды. Коомдук иштерге да активдүү катышкан, 2000-жылы Кемин райондук кеңештин депутаты, Кемин райондук кеңешинин төрагасы болуп шайланган. 2008-жылы дүйнөдөн өткөн.
Баш сүрөттөгү коллаж: «ПолитКлиника»
Сүрөт: Турнирдеги командалар. Социалдык тармактан