Юрий Дудь, Екатерина Шульман баштаган бир нече адам “чет элдик агент” макамын алды

  • 2 года мурун

Орусиянын Юстиция министрлиги журналист, белгилүү видеоблогер Юрий Дудду, политолог Екатерина Шульманды, The Insider басылмасынын башкы редактору Роман Доброхотовду жана “Радио Свобода” менен кызматташып жүргөн карикатурист Сергей Елкинди “чет элдик агент” делген массалык маалымат каражаттарынын реестрине киргизди.

Бул реестрге журналист Карен Шаинян, “Орусия ЛГБТ” уюмунун психологиялык кызматынын башчысы Мария Сабунаева жана феминист, ЛГБТ активист Регина Дзугкоева, журналисттер Алексей Семенев менен Кирилл Кругуликов киргизилген. Жалпы “чет элдик агент” массалык маалымат каражаттары реестрине 142 юридикалык уюм катталган.

Реестердеги жарандарга бир катар талаптар бар. Алар каржылык отчет берип жана социалдык тармактардагы билдирүүлөрүндө “чет элдик агент” деп эскертүү жазышы керек. Мыйзамды бузгандар административдик айыпка жыгылып, андан кийин кылмыш жазасына тартылат.

Юстиция министрлиги жогорудагы жарандардын реестрге эмнеге киргизилгенин түшүндүргөн жок. Алардын көпчүлүгү буга чейин орус армиясынын Украинага басып киргенине каршы болгон.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты