Үй камагына чыккан Руслан Бекназаров кызматына кайтып келди
- 2 года мурун
Свердлов районунун муниципалдык администрациясынын башчысынын биринчи орун басары Руслан Бекназаровдун төрагалыгы алдында муниципалдык администрацияда кирешелер боюнча райондук штабдын кезектеги жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Жыйынга райондук салык кызматынын, ири салык төлөөчүлөрдү көзөмөлдөө башкармалыгынын, райондук каржы башкармалыгынын, жетекчилери жана муниципалдык администрациянын жооптуу кызматкерлери катышты.
2022-жылдын январь-октябрь айларында жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышы жана 2022-жылдын ноябрь айына күтүлүп жаткан кирешелер боюнча маселелер каралды.
Белгилей кетсек, Мамлекеттик салык кызматынын Свердлов району боюнча башкармалыгы жана Ири салык төлөөчүлөрдү көзөмөлдөө башкармалыгы тарабынан 2022-жылдын 10 айында жергиликтүү бюджетке 1 миллиард 973 миллион сом салыктык түшүүлөр жыйналды.
Райондук кызматтардын жетекчилерине салыктар боюнча пландык көрсөткүчтөрдү аткаруу, кошумча салыктык түшүүлөрдү табуу жана салык мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөө аркылуу райондун салык базасын кеңейтүү тапшырмасы берилди.
Эске салсак, Руслан Бекназаров 12-декабарга чейин камакка алынган. Ага кылмыш-жаза кодексинин “Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.
Биринчи май райондук сотунун 2-ноябрдагы токтомуна ылайык, айыпталуучу Руслан Бекназаровго карата мурда 2022-жылдын 12-декабрына чейин тандалган камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы үй камагына өзгөртүлгөн.