Үй-бүлөлүк зомбулукка бөгөт коюуга багытталган мобилдик тиркеме иштелип чыгууда

  • 10 месяцев мурун

Үй-бүлөлүк зомбулукка бөгөт коюуга багытталган мобилдик тиркеме иштелип чыгууда. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, азыркы учурда республиканын аймагында 59 милициянын көчмө кабылдамалары жарандарга сервистик тейлөө иштерин алып барышууда. Ар ай сайын Милициянын көчмө кабылдамаларынын чыгуу графиктери түзүлүп, бекитилген графиктин негизинде райондун, шаардын алыскы калктуу конуштарына барып, жарандардын арыз даттанууларын жана кайрылууларын кабыл алат. Жарандарга алдын алуу, түшүндүрүү иштерин жүргүзү менен юридикалык жардамдарды берип келет.

Мындан сырткары, Ички иштер министрлиги тарабынан зордук зомбулукка кабылган аялдарга жана кыздарга тез жардам берүү максатында, Түркия мамлекетинин Ички иштер министрлиги тарабынан сунушталган “Кадес” мобилдик тиркемеси иштелип жана жакынкы аралыкта ишке киргизүү үчүн тийиштүү иш-чаралар жүргүзүлүп жатат.

Бул “Кадес” мобилдик тиркемесин уюлдук телефонго App Store и Google Play аркылуу бекер жүктөп алса болот. Жүктөгөндөн кийин, өзү жөнүндө толук маалыматы (аты жөнү жана геолокациясын) киргизиши шарт, андан соң, телефонго код менен СМС жөнөтүлөт жана орнотулгандан кийин экранда баскыч пайда болот.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты