Израилде миңдеген адам Газаны оккупациялоого каршы чыкты

  • 10 месяцев мурун

Израилдин борбору Тель-Авивде жана башка шаарларында миңдеген адам нааразылык акциясына чыгып, премьер-министр Биньямин Нетаньяхунун Газа тилкесин оккупациялоо чечимине нааразылык билдиришти.

The Times of Israel басылмасы жазгандай, акциянын катышуучулары барымтадагыларды бошотуу үчүн Газа секторундагы согушту токтотууну талап кылып, АКШ президенти Дональд Трампты кырдаалга кийлигишүүгө чакырышты.

Адамдар Израилдин желектерин жана барымтадагылардын сүрөттөрү жазылган плакаттарды, өкмөткө каршы ураандарды кармап турушту.

Бир нече күн мурун Израилдин коопсуздук кабинети Газа шаарын бүтүндөй көзөмөлгө алуу чечимин кабыл алган. The Washington Post гезитинин жазганына караганда, бул сценарийге кээ бир жогорку даражалуу аскерий чиновниктер каршы чыгышкан.

Бүгүнкү күндө Газа тилкесинин 75-80 пайызы Израилдин көзөмөлүндө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты