Израил Ирандын ядролук объекттерине сокку урду. Андан Ирандын жогорку аскер кол башчылары каза тапты
- 12 месяцев мурун
Израил Ирандын ядролук объекттерине сокку урду. Ирандын жогорку аскер кызматкерлери каза тапканын Израилдин Коргоо аскери кабарлады.
Каза тапкандардын арасында Ислам революциясын коргоо корпусунун командири Хосейн Салами, Ирандын Куралдуу Күчтөр башкы штабынын башчысы Мохаммад Багери, Хатам-аль-Анбия (өзгөчө кырдаалдар штабы) башчысы Хатам-Гулям Али Рашид бар.
Улуу Британиянын премьер-министри Кир Стармер Иран менен Израилди “артка бир кадам чегинип, чыңалууну басаңдатууну” талап кылды. Израилдин соккуларын ал “кабатырланууну жаратуучу” сокку деп атады. Анын айтымында, Жакынкы Чыгышта стабилдүүлүк башкы артыкчылык болушу керек.
АКШнын президенти Дональд Трамп Fox News басылмасына берген комментарийинде Иран ядролук бомбага ээ болбош керектигин жана сүйлөшүүгө кайтууга ишенимин билдирди. Ал Ирандан жооп аракеттерин күтөрүн жана анын айтымында, өздөрүн да, Израилди да коргоого даяр экенин кошумчалады.
Ирандин Tasnim агенттиги израилдик соккудан 50дөй адам жабыркаганын анын 35и аялдар жана балдар экенин билдирди.
Израил аскери Иран акыркы бир нече сааттарда 100дөгөн дрондорду учурганын айтты.
Сүрөт: Reuters




