Израил Газадан барымтада каза болгон алты жаранынын сөөгүн кайтарды

  • 4 недели мурун

Израил Газа тилкесинен ХАМАС тобунун (АКШда жана Европа биримдигинде террордук деп табылган) барымтасында каза болгон алты кишинин сөөгүн кайтарды.

Өлкөнүн Куралдуу күчтөрү (ЦАХАЛ) 20-августта маалымдагандай, алты израилдик жарандын сөөгүн аскерлер Газанын түштүк тилкесиндеги Хан-Юнис шаарындагы туннелдердин биринен алып чыгышты.

The Times of Israel басылмасы жазгандай, алардын эң кичүүсү 35 жашта, улуусу 80 жашта болгон. Үчөөнүн өлүмү тууралуу кабарлар быйыл жыл башында чыккан. Калгандары качан жана кандай жагдайда каза тапканы, өлүмүнө израилдик аскерлердин ХАМАСчыларга каршы жасалган соккулары себеп болгон-болбогону териштирилип жатканы маалымдалды.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, «барымтада кармалып тургандардын баарын, өлүүбү же тирүүбү, кайтаруу аракети уланарын» айтты.

Былтыр 7-октябрда ХАМАС Газа тилкесинен Израилге кол салганда бир күндө 1197 кишини өлтүрүп, 251 кишини барымтага алып кеткен. Азыркы тапта, Израилдин эсебинде, барымтадагылар 105 киши, алардын 34ү каза болгону тастыкталган, сөөгү өткөрүлүп бериле элек.

Израил октябрдагы кандуу окуядан кийин ХАМАСты жок кылууга убада берген жана Газа секторунда чабуул баштаган. Он айда Газада каза болгондор 40 миңге жеткенин сектордун саламаттык сактоо мекемеси билдирген.

Газадагы согуш токтобой, Жакынкы Чыгышта кырдаал курчуп жаткандыктан АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен он ай ичинде бул аймакка тогузунчу жолу барып, бир катар сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. 19-августта ал АКШнын тынчтык орнотуу сунушун Израил колдогонун, эми кийинки маанилүү кадам ХАМАСтан күтүлүп жатканын айтты.

Жакынкы Чыгыштагы кырдаал курчушу ыктымал деген кооптонуу 31-июлда Ирандын борбору Тегеранда ХАМАС тобунун саясий лидери Исмаил Хания каза болгондон кийин күчөгөн. Иран Ханиянын өлүмүнө алып келген чабуул үчүн Израилди айыптап, “катаал жаза” болорун билдирген. Израилдик аскерлер бул чабуул үчүн жоопкерчиликти алган эмес.

Сүрөт: MIA

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты