Изделип жаткан 28 жашар Ханэл Жоробаевдин сөөгү табылды
- 3 часа мурун
9-октябрдан бери дайынсыз болуп, изделип жаткан 28 жаштагы Ханэл Жоробаевдин сөөгү табылды.
Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы (ИИБ) ЖМКга билдиргендей, Ханэл Жоробаевдин сөөгү 2-ноябрда Көк-Жар айылындагы «Панорама» дача тилкесинен табылган. Баштапкы маалыматтар боюнча, жоголгон жарандын сөөгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тапкан.
Ыкчам тергөө тобу ал жерге барганда маркумдун 300 метрдей келген бийиктиктен секирип кеткендиги божомолдонгон.
1998-жылы туулган Ханэл Жоробаев 9-октябрда болжол менен саат 11:00дө Бишкек шаарынын Көк-Жар айылындагы Салкын көчөсүндөгү даректен чыгып кеткен боюнча белгисиз болуп жаткан. Аталган факты Октябрь районунун ИИБинин электрондук журналына катталган.
Уулу Ханэл Жоробаевдин табылбай жатканы тууралуу жазуучу Бешболуш Жоробаев социалдык тармактан билдирип, коомчулукту издөөгө көмөктөшүүгө чакырган.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




