Издөөгө алынган кытай жаранынын сөөгү Каракол капчыгайындагы суудан табылды

  • 2 года мурун

Издөөгө алынган кытай жаранынын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Бир жумадан бери ӨКМдин куткаруучулары тарабынан издөөгө алынган 22 жаштагы кытай жаранынын сөөгү 25-август күнү Каракол капчыгайындагы суудан табылды.

2000-жылы туулган кытай жараны Сай Тун Бишкек шардык гуманитардык университетинин 3-курсунун студенти болгон. Анын жоголгондугу тууралуу алгач маалымат ИИМге 1-августа түшүп, милиция тарабынан издөө иши 18-августка чейин уланган. Ушул эле күнү ӨКМдин Ысык-Көл облустук башкармалыгына Укук коргоо органдары тарабынан издөө ишине көмөктөшүү тууралуу кат түрүндө кайрылуу түшкөн. Кайрылуунун негизинде аталган кытай жаранын издөө иши ӨКМдин куткаруучулары жана милиция кызматкерлери менен биргеликте жүрдү. 25-август күнү саат 15:59да жарандан Каракол капчыгайында суунун ичинде жансыз дене жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Жерине саат 16:05те 5 куткаруучу, ИИМден 8 кызматкер тартылып, суудан кытай жаранын сөөгү чыгарылып, саат 18:16да РИИБге өткөрүлүп берилди.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты