Ивановка станциясы айылында «Асылташ керамика» жеке заводу ачылды
- 12 месяцев мурун
Садыр Жапаров бүгүн, 16-июнда, Ысык-Ата районунун Ивановка станциясы айылында «Асылташ керамикс» керамика плиткаларын жана керамогранит өндүрүүчү заводду ишке киргизүү аземине катышты.
Бул тууралуу президенттин сайтында маалымдалды.
Маалыматта айтылгандай, завод жалпы суммасы 40 млн АКШ долларын түзгөн инвестициянын негизинде курулган жана жылына 3 миллион чарчы метр керамика продукцияларын чыгарат деп белгиленүүдө. Заводдун жылдык өндүрүштүк кубаттуулугу 3,3 млн чарчы метрге жетип, 1 млрд 500 млн сомдук кирешени түзөт.
Орточо айлык акысы 50 000 сомду түзгөн 300дөн ашуун жаранды туруктуу жумуш орду менен камсыз кылмакчы.
Президент Ысык-Ата районунун тургундарына кайрылып, заводдун негиздөөчүсү — өзүбүздүн эле мекендешибиз экенин баса көрсөттү. Ал анын 15 миллион АКШ доллары өлчөмүндөгү түз инвестициясы өлкөбүздүн ички рыногунун инвестициялык жагымдуулугу артып баратканын айгинелейт деп ырастады. Мындан тышкары ал белгилегендей, бул чет өлкөгө чыгарылган кирешелердин кайра Кыргызстанга кайтып, кирешелерди легалдаштыруу долбоорунун натыйжалуу болуп жатканын күбөлөндүрөт.
Садыр Жапаров эки жыл мурда “Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө” Мыйзам кабыл алынганын эске салды. Мындай мүмкүнчүлүктү көптөгөн ишкерлер колдонушуп, заводдордун, фабрикалардын, IT-хабдардын курулушуна инвестиция сала башташты.
Чүй облусу бүгүнкү күндө Кыргызстандын өнөр жай борборуна айланууда. 2024-жылы облуска жалпы жонунан 140,5 млн доллар инвестиция тартылган.
“Асылташ Керамикс” — бул чопо, ак чопо (каолин) жана талаа шпаты сындуу кыргыз жериндеги кен байлыктарды иштеткен ата мекендик ийгиликтүү өндүрүш. Заводдун продукциясынын 50%дан ашыгы тышкы рынокторго экспорттолот.


Сүрөттөр: president.kg




