Исмайил Сагыналиев ИИМдин Орусиядагы өкүлү болуп дайындалды

  • 2 года мурун

Исмайил Сагыналиев Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Орусиядагы өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Сагыналиев буга чейин ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын жетекчиси болгон.

Ал Ички иштер органдарында 2003-жылдан бери иштейт.

ИИМдин буга чейинки өкүлү болуп Нурлан Жанбаев болчу жана ал эмнеге кызматтан алынганы тууралуу маалымат берилген жок.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты