Ислам шериктештиги оюндарында Кыргызстан медалдарынын саны боюнча 9-орунду ээледи

  • 2 года мурун

Кечээ, 18-августта Түркиядагы Ислам шериктештиги оюндарынын жабылуу аземи өттү. Кыргызстан аталган мелдеште жалпы 31 медалга ээ болуп, командалык көрсөткүчтө 9-орунду ээледи.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, Түркиянын Конья шаарында өткөн Ислам шериктештиги оюндарына жалпы 54 өлкөдөн 4200 спортчу катышты.

Кыргызстандан спорттун 16 түрүнөн спорчулар катышып жалпы 31 медаль утту: 8 алтын, 8 күмүш жана 15 коло. Ислам оюндарынын тизмесинде медалдардын саны боюнча Кыргызстан 9-орунду ээледи. Алдыңкы үчтүктө Түркия, Өзбекстан жана Иран турат.

Белгилей кетсек, салттуу жаа атуу спорту улуттук спорттун түрү болгондуктан жалпы медалдык эсепке киргизилген жок.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты