Иштамберди алтын кенинде жумушчулар иш таштаганы кабарланды

  • 2 года мурун

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Иштамберди алтын кенин иштеткен кытайлык «Фулл Голд Майнинг» компаниясынын жумушчулары иш ташташты. Бул тууралуу Кыргызстандын тоо-металлургчулар кесиптик кошуунунун башчысы Элдар Тажибаев билдирди.

Анын айтымында, айлык акыны жогорулатууну талап кылган жумушчулар 30-апрелден тартып кендеги бардык иштерди токтотушкан. Алар эмгек акыны 50% көтөрүүнү, тамак-аштын сапатын жакшыртууну, жумушчулардын айлык акысынан жумушта колдонулган жабдуулардын баасын кармап калган ж.б. мыйзамсыз көрүнүштү токтотууну талап кылышууда.

«Буга чейин кошуундун техникалык инспекциясы текшерүү жүргүзүп, эмгек мыйзамдары бузулганын аныктаган. Бирок ал кемчиликтер жоюлган жок», — деп айтылат кошуун тараткан маалыматта.

«Фулл Голд Майнинг» компаниясы жумушчулардын айлыгын 10% көбөйтүүнү сунуштап жатат. Бирок кенчилер кымбатчылык, инфляциянын айынан бул сумма сезилээрлик болбой жатканын белгилешкен.

Маалыматка караганда, сүйлөшүүлөрдөн кийин айрым кызматкерлер жумушка чыкан. Бирок 300дөй жумушчу дагы эле талаптарын айтып турушканы айтылат.

Аталган компания азырынча комментарий бере элек.

Иштамберди алтын кенин кытайлык инвесторлорго таандык «Фулл Голд Майнинг» фирмасы иштетет жана анда 400дөй адам иштейт. Алардын басымдуу бөлүгү жергиликтүү тургундар. Компания жалпысынан 112 миллион доллар инвестиция салуу милдетин алган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты