«Ишкерликти колдойбуз» деген сөздөр качан реалдуу аракеттерге айланат?
- 1 год мурун
Кайсы жылдар болбосун бардык мамлекеттик, аймактык өнүктүрүү программаларында ишкерликке, өзгөчө чакан жана орто ишкерликке сөзсүз орун берилип, экономика тармагындагы маанилүү багыт катары белгиленип, аны өнүктүрүү боюнча максаттар коюлуп, ал максатка жетүү боюнча иш чаралар жазылып келет. Кыргыз Республикасынын экономика министрлигинин маалыматы боюнча Чакан жана орто ишкерликтин өлкөнүн ИДП (ички дүң продукция) үлүшү 36,7 % ды түзөт.
Демек, бул тармак мамлекеттин өнүгүүсү өтө маанилүүлөрдүн бири. Расмий маалыматка ылайык Нарын облусундагы ишкерлердин саны 11000 адам. Бул өлкөдөгү жалпы ишкерлердин 2,6 % зын гана түзөт. Демек башка облустарга салыштырмалуу Нарын облусунда ишкерлердин саны аз же ишкерлик өнүккөн эмес десе болот.
Нарын ишкерлеринин арасындагы эн популярдуу категория – бул соода тармагы. Соодагерлер салык кызматынын жана башка текшерүүчү органдардын тыкыр көзөмөлүндө болгондуктан патенти же кассалык аппараты жок соода сатык кылуу мүмкүн эмес. Ошол себептен соода тармагында эмгектенген ишкерлердин саны маалымат базасында башкалардан көбүрөөк санда камтылган.
Бирок ишкерлердин реалдуу саны статистикалык маалыматтарда чагылдырылбайт. Анткени кээ бир ишкерлерге патент алуу пайдасыз болсо, кээ бирлеринен салык кызматкерлери патент талап кылышпайт. Мисалы: үйүнөн кийим тигип кызмат көрсөткөн айымдар патент алышпайт, алардын саны айылдарда азыр абдан көп. Ошондой эле акы төлөм аркылуу элдин малын жайлоого алып чыккан чабандардын саны дагы аз эмес. Ар бир айыл аймакта орточо 20 чабан болсо, демек облус боюнча 63 айыл аймакта болжолу 1200 чабан 5-6 ай үчүн акы алышат. Алардын бири дагы патент алышпайт жана эч бир салык төлөшпөйт.
Маалымат чогултуу учурунда өзүбүз күбө болгондой ишкерлик боюнча эң биринчи маселе – бул облус деңгээлинде ишкерлер жана ишкерлик боюнча сапаттуу жана бирдиктүү маалымат базасынын жоктугу экен. Облустук, райондук статистика башкармалыктары, салык кызматы, райондук жана облустук администрациялар ишкерлер боюнча өздөрүнө тиешелүү гана маалыматты чогултушкан менен бирдиктүү, сапаттуу жана тармактагы азыркы ахыбалды чагылдырган маалымат базасы жок жана буга чейин деле болгон эмес.
КР соода-өнөр жай палатасынын Нарын облусундагы өкүлүнү Турсунбаев Бейшенбек мырзанын айтымында Нарын облусунда атайын ишкерлер боюнча статистикалык маалымат жүргүзгөн уюм жок. Статистика башкармалыгы жалпы юридикалык жактарды көрсөтө алат, ал эми Нарын облустук юстиция башкармалыгы күбөлүк алган юридикалык жактарды каттайт, статистика, салык органдарына жиберет. Жеке ишкерлерди салык органдары патент жана күбөлүк берүү менен каттайт. Райондук мамлекеттик администрациялардын, мэриянын экономика бөлүмдөрү жигердүү иштеп жаткан жеке ишкерлердин жана юридикалык жактардын тизмесин чогултат. Ал эми бизнес ассоциациялар (Соода-өнөр-жай палатасы, ЖИА) өз мүчөлөрүнүн жана шериктештерининин гана базасын топтошот. Эгер ишкерлер боюнча бирдиктүү база болсо тармакты өнөктүрүүгө жакшы өбөлгө түзүлмөк жана ишкерлер менен кызматташууга ыңгайлуу болмок.
Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун кызматкери Бакиров Кайрат мырзанын айтымында ишкерлик боюнча сапаттуу маалымат база өтө маанилүү, себеби азыр бизде кошумча нарк чынжырчасына (ЦДС – цепочка на добавленную стоимость) басым жасалып, Өкмөт тарабынан ушул тармакка көбүрөөк көлөмдөгү кредитти 0,5 % же 2% менен беребиз деп жатышат. Б.а. кредитке уй алгандар өндүргөн сүттү кайра иштетүүчү ишканага жиберсе, ал эми бул ишкана биздин жарандарды сапаттуу сүт азыктары менен камсыздашы керек. Эгер ушундай чынжырчаны түзө алышса же камсыздай алышса анда мындай ишкерлерге 100 млн сомго чейин арзандатылган кредит берели деген чечимге келдик. Ошондуктан ишкерлер боюнча бирдиктүү жана сапаттуу база керек. Маалымат базанын жоктугунан бизге зарыл ишкерлерди издеп табууда же ишкерлерге ишканасын өнүктүрүүдө зарыл маалыматтык жана каржылык жардам табууга кыйынчылык жаралат.
Айыл аймак, район жана облус деңгээлинде жаңы иш баштаган ишкерлерге компетенттүү кеп кеңеш жана окууларды бере ала турган бир дагы мамлекеттик же муниципалдык кызмат жок. Мындай кызматты көбүнесе жергиликтүү коомдук уюмдар көргөзүп келет. Бирок алардын кызмат көрсөтүүсү туруктуу эмес, каржылык колдоо аякташы менен ишкерлерге кызмат көрсөтүү дагы токтойт. Демек, ишкерликке белсенген элеттик жаштарга жардам берген эч бир уюм же мекеме жок, бул бүгүнкү ачуу чындык.
Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин, экономика министрлигинин, ар кандай республикалык жана аймактык өнүктүрүү фонддорунун өлкөдөгү ишкерликти өнүктүрүүгө багытталган өтө амбициялуу программалары жана стратегиялары ишке ашырылып келет. Бирок аймакта элементардуу ишкерлердин бирдиктүү маалымат базасы болбосо, ишкерликтин көйгөйлөрү жана потенциалы анализденбесе жана ишкерликке белсенген тургундарга жеринде көмөк көрсөтүлбөсө мындай программалардын эффективдүү ишке ашырылышы канчалык деңгээлде реалдуу болмокчу деген суроо жаралат.
Бирок, азыр бул кемчиликти оңдоп кетүүгө эң ыңгайлуу учур түзүлдү. Анткени КР Президентинин жарлыгына ылайык Нарын облусу пилоттук аймак катары айыл аймактарды ирилештирүү процесси башталды. Бош калган кызмат ордуларынын эсебинен ар бир район деңгээлинде 2-3 кызматкерден турган Ишкерликти өнүктүрүү борборлорун түзүү менен ага райондо ишкерликти өнүктүрүү, ишкерлерге байма бай тренинг-семинарларды уюштуруу жана консультация берүү, ар кандай изилдөөлөрдү жүргүзүү менен ишкерлердин сапаттуу маалымат базасын түзүүнү милдеттендирсе болот.
Материалдын авторлору: Акылай Кубаталы кызы, Кылыч Мамбеталиев
Мунун баары IDEA CA тарабынан @ukinkyrgyzstan каржылык колдоосу менен @actedcentralasia жана @worldbank биргеликте ишке ашырып жаткан «Экономикалык өнүгүү үчүн натыйжалуу башкаруу» программасынын алкагында ишке ашырылууда. Автордун пикири колдоочу уюмдардын пикири менен дал келбеши мүмкүн.