Ишкерден унаа жана 25 миң доллар доолаган уюшкан кылмыштуу топ мүчөлөрү кармалды

  • 20 часов мурун

Бишкек шаарында  ишкерди уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү күч менен автомашинага салып, Бишкек шаарынын сыртындагы ээн талаага алып чыгып кетишкендиги боюнча Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн  тергөө кызматы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси (адам уурдоо) менен кылмыш иши козголгон. 

Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери Бишкек шаарынын борборундагы көчөлөрдүн биринин кесилишинде 1987-жылы туулган Т.Ж. жана 1990-жылы туулган С. Э. аттуу жарандарды кармашкан. 

Алар жабырлануучуну шаардын четине алып чыгып, сабап, 25 000 АКШ долларын жана автомашинасын берүүгө макулдук алып, ишкердин башка унаасын алып кетүүгө жөнөшкөн. 

Кармалган Т.Ж. аттуу жаран Камчы Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат. 

1987-жылы туулган Т.Ж. жана 1990-жылы туулган С. Э. аттуу жарандар кылмышка шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. 
Кылмыш иши боюнча тергөө иштери улантылууда. 

Атайын кызмат өткөн жылы 4-октябрда Бишкекте “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбек) атайын операция маалында өлтүрүлгөнүн ырастаган. Көлбаевди кармоо операциясы ишкерлердин өзгөчө ири өлчөмдө мүлкүн мыйзамсыз тартып алуу фактыларына жана “Дөө” каймана аты бар Чыңгыз Жумагуловду өлтүрүүнү уюштурууга катышы бар деген арыздарга байланыштуу жүргөнүн билдирген.

Ишкерден унаа жана 25 миң доллар доолаган уюшкан кылмыштуу топ мүчөлөрү кармалды
Ишкерден унаа жана 25 миң доллар доолаган уюшкан кылмыштуу топ мүчөлөрү кармалды

Иллюстрациялык баш сүрөт: Интернет булактарынан

Сүрөттөр: mvd.gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты